Биз менен байланышыңыз

Аялзатына берилүүчү белектер тууралуу 18 сунуш

Блог , Коом | 3 Мар 2021 | 1616 | 0

Жыл сайын 8-мартта кандай белек берүүнү ойлоносуз. Жакын адамдарыбыз — жашообуздагы өзгөчө адамдар. Аларга даярдалган белек да өзгөчө болушу керек. Андыктан, биз сиздерге төмөнкү белектерди алууну сунуштайбыз:

1. Жакыныңыздын аты жазылган жумшак, ыңгайлуу халат. Анын сапаты жакшы болушу керек. Мындай буюм жумушунан же тиричиликтен чарчаган адамдын өзүнө көңүл буруусу үчүн өтө пайдалуу жана жагымдуу.

2. Шарф же кооздолгон жоолук. Жаз мезгилине ылайыктуу жылуу, жумшак шарф оронуп жүрүү аялзатына көрк берет. Зер буюмдар менен жасалгаланган жарашыктуу жоолукту, шарфты белек кылсаңыз, жакыныңыздын жүзүнөн жылмаюу көрөсүз.

3. Апаңызга өз аты жазылган чайнек. Аты менен бирге «Сиз дүйнөдөгү эң сонун апасыз» деген сүйлөмдү кошо жаздырып койсоңуз да болот. Себеби, апаңыз күн сайын эртең менен чай ичип жатканда, жазууну окуп, маанайы көтөрүлөт.

4. Кутучадагы кызыл розалар. Кандай гана учур болбосун, классикага айланган белек. Алардын жардамы менен сиз жакыныңызга болгон сүйүүңүздү жеткире аласыз. Кооз кутуга салынган розалар — чын жүрөктөн чыккан сезимдерди билдирүүнүн эң мыкты жолу. Белек алган адам сөзсүз түрдө композициянын кооздугуна таң калат.

5. Эс алууга жолдомо. Жумуштан, үй тиричилигинен чарчаган айымдарды эс алууга чакырыңыз. Эс алуу- адамдын жан дүйнөсүнө тынчтык алып келет. Оригиналдуу жана өзгөчө белек.

6. Жаздык. Жакыныңыздын сүйүктүү сүрөттөрү кошулган жаздык үйдүн интерьеринин эң сонун элементи жана ал үчүн оригиналдуу белек. Жакындарыңызды кубандырууга жардам берет.

Ал эми сүйүктүүңүзгө кандай белек берип, көңүлүн алып, кубандыргыңыз келет?

7. Сырдуу кутуча. Ар бир аял өзүн үйдүн ханышасы сезгиси келет. Ар кандай зер буюмдарын тагынышат. Ошол зер буюмдарын салуу үчүн атайын кутуча белек бериңиз. Замандын өнүгүшү менен кутучанын бир нече түрлөрү бар. Алардын бири — атайын бекитиле турган сырдуу кутуча. Аны сүйүктүүңүздөн башка эч ким ача албайт.

8. Электрондук портрет. Сүрөтү тартылган, караңгыда жанып турган портрет эң актуалдуу белектердин катарын толуктайт. Белектердин арасындагы жаңы мода тенденциясы – күйүп турган сүрөт. Баарын таң калтыра турган күтүүсүз белек боло алат. Мындай кооз буюм бөлмөнү жарыкка гана толтурбастан, алган адамдын жан дүйнөсүн да жакшы сезимге чулгайт.

9. Макияж күзгүсү. Зер буюмдарды тагынып, алардын жарашыгын көрүп, макияж жасап, өзүнү иретке келтирүү үчүн ыңгайлуу буюм. Жасанып жаткан учурда башка жарыкты күйгүзүүнүн кажети жок.

10. Китеп текчеси. Ак же ачык күрөң түстөгү тыкан дубал текчелерин жасап берүү — жөнөкөй жана оригиналдуу дизайн. Мындай белек анын китеп окууга болгон сүйүүсүн арттырат. Пластик эмес, жыгачтан жасалган текчени колдонсоңуз, кооз көрүнүп, ыңгайлуу болот.

11. Күндөлүк. «Менин жетишкендиктерим» деген күндөлүктү белек кылыңыз. Көптөгөн аялзаты күчтүү жана ийгиликтүү болууга жана жашоодо чемпион болууга умтулушат. Адамдын өзүнө болгон ишенимин калыптандыруу үчүн психологдор өз ийгиликтерин күндөлүккө жазып коюуну сунуштайт. Бул күндөлүк анын жашоосуна чоң таасирин тийгизет.

12. Сертификат. Кийим дүкөндөрүнө же башка дүкөндөргө атайын даяр сертификаттарды бериңиз. Ал өзүнө жаккан жана керектелүүчү буюмун, кийимин алса болот.

13. Салондук процедуралар. Ар бир аялзаты өзүнө кам көргөндү жакшы көрөт. Азыркы учурдун дагы бир актуалдуу белектеринин бири – салондорго сертификат берүү. Жагымдуу белектердин катарын толуктайт.

14. Аты жазылган капчык. Капчыктар ар дайым өзгөчө аксессуар болуп саналат. Айымдар көпчүлүк эркектерден айырмаланып, чөнтөктөрүнө акча салбайт. Аларды кооз капчыкта кармаганды жакшы көрүшөт.

15. Электрондук бет щетка. Бул аялзатынын жаштыгын жылдар бою сактоого жардам берет. Бул щетканы колдонуу карылыктын алдын алат жана бырыштардын санын визуалдык түрдө азайтып, өлгөн клеткаларды жоготот.

16. Альстрёмерия гүлдөрү. Назик жана ошол эле учурда өтө жаркыраган гүлдөр. Альстрёмериянын бир нече түрү бар. Алар адамдын көңүлүн көтөрүп, майрамдык маанай жаратат. Букетти Энелер күнүнө же туулган күнгө карата да тартууласаңыз болот.

17. AirDots зымсыз наушниктери. Учурда жөнөкөй наушниктерди колдонуу ыңгайсыздыктарды жаратат. Ал эми зымсыз наушник күнүмдүк турмушта колдонууга ыңгайлуу жана стилдүү да көрүнөт. Спорт залы, фитнес менен машыгуу же чуркоо үчүн ылайыктуу.

18. Акылдуу саат. «Apple» компаниясынын акылдуу сааты анын ээсинин машыгуусун жана ден соолугун байкап турат. Стилдүү аксессуар жана колдонуучуга мыкты жардамчы боло алат.

Белек берүү бир гана майрамдык маанай тартуулоо эмес, адамдардын ортосундагы жылуу мамилени сактоого жардам берет.

Copyright © 2017 Maral FM