Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы аялдар тууралуу кызыктуу фактылар

Кыска кабар | 8 Мар 2021 | 1031 | 0

2021-жыл башына карата Кыргызстанда аялдардын саны 3,3 миллион адамды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети маалымат берди.

Алардын үчтөн экиси, тагыраагы, 64%ы айыл тургундары болуп снаалат. Ар бир бешинчи аял Жалал-Абад же Ош облустарында, ал эми ар бир алтынчы аял — Бишкек шаарында жашайт. Ошол эле учурда, төрөлүү жогору болгон аймактарда — Ош жана Жалал-Абад облустарында эркектердин саны, тескерисинче, аялдардын санынан ашып түшөт.

-2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын иш менен камсыздуулук деңгээли 48% түзсө, ал эми экономика тармагында иштеген аялдардын орточо жашы 39 жашты түздү. Өлкөнүн экономикасында иштеген ар бир алтынчы аял 25 жаштан 29 жашка чейинки куракта. Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, мейманканалар жана ресторандар чөйрөсү, соода сыяктуу иш-чаралар негизинен «аялдардын чөйрөсү » болуп саналат,-деп айтылат маалыматта.

2020-жылы никеге турган аялдардын саны 40 миңди түзгөн, алардын ичинен 94 пайызы — биринчи жолу никеге тургандар. Аялдар 18-25 жашында үй-бүлө түзүүгө ниеттенишет.

Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда узагыраак жашайт. Төрөлгөндөн кийин болжолдуу жашоо узактыгы көрсөткүчү боюнча 2019-жылы аялдардын курагы 76 жашты түзгөн болсо, эркектердики 68 жаш деп белгиленген.

Кыргызстанда аялзаты 24 жашка жакын куракта биринчи балалуу болот. Бир аялзаты негизинен үч бала төрөйт, бул жогорку көрсөткүч болуп саналат. Ал эми Кыргызстанда, көптөгөн КМШ өлкөлөрүнөн айырмаланып, жөнөкөй репродукция жогору, калктын көбөйүшү камсыздалган, 2020-жылдын аягына карата калктын саны 6,6 млн. адамга жетти.

Никеге турган ар бир экинчи аял 20–24 жаш курагында, ал эми ар бир бешинчи аял 18–19 жаш же 25-29 жаш курагында болгон. Никеге биринчи жолу турган аялдардын орточо жашы 24 жашты түзгөн, ал эми экинчи жолу никеге тургандардын орточо жашы – 35 жашка барабар.

Copyright © 2017 Maral FM