Биз менен байланышыңыз

Путин Си Цзиньпиндин туулган күнүнө балмуздак белек кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 1049 | 0

Орусия президенти Владимир Путин бүгүн Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктап, балмуздак белек кылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Кремлдин маалымат кызматына таянып жазды.

Мындай көрүнүш Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин саммити алдында болгон.

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, Путин бүгүн эртең менен Тажикстан мамлекеттик резиденциясындагы Кытай төрагасы жайгашкан сарайга барып, Си Цзинпинди 66 жашка толушу менен куттуктаган.

Copyright © 2017 Maral FM