Биз менен байланышыңыз

Лукашенко Путинге төрт кап картошка белек кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Дек 2018 | 1139 | 0

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко орус лидерине жаңы жылы менен куттуктап төрт кап картошка белек кылды. Бул тууралуу Лукашенконун маалымат катчысы Наталья Эймонд билдирди.

Лукашенко Москвага болгон сапарында атайын буюртма менен «супер элита» картошкаларын алып келген. Куттуктап жаткандагы учурду телеканалдар түз эфирден да көрсөтүштү.

«Бул эң жогорку сорттогу президенттик бакчанын картошкалары. Бирөө куурдакка, экинчиси пюреге, дагы бирөөсү драник үчүн»,-деди Лукашенко куттуктап жатып.

Мурунку сапарында болсо эт алып келгенин кошумчалады катчы.

 

Copyright © 2017 Maral FM