Биз менен байланышыңыз

Президент төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө турак-жай алууга сертификат берди

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 1049 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордо төрөлгөн 4 эм ымыркайга жана энеси Рысмат кызы Нурайымга турак жай алуу үчүн сертификат тапшырды.

Мамлекет башчынын белеги бүгүн 4-апрелде берилгенин Президенттик Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Президент жаш үй-бүлөгө турак жай алуу үчүн 2 млн. сомго сертификат жана 2 орундуу 2 коляска берди.

Мындан тышкары, Өкмөт тарабынан жаш үй-бүлөнүн муктаждыктарына 150 миң сом бөлүнүп берилди.

Айта кетсек, бөбөктөр 31-32 жумалык болуп, биринчиси 1 кг 470 г салмакта (кыз), экинчиси 1 кг 400 г (кыз), үчүнчүсү 1 кг 705 г салмакта (эркек), төртүнчүсү 1 кг 420 г (кыз) болуп төрөлгөн.
Алгачкы 10 күндө ымыркайлардын абалы оор абалда болгондуктан, атайын респиратордук аппараттын жардамы менен дем алдыртып, тийиштүү медициналык кызматтар көрсөтүлүп, дарыгерлердин үзгүлтүксүз кароосунда болушкан.

Эске салсак, 2019-жылдын 25-февралында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда Азамат Сманов жана Рысмат кызы Нурайымдын үй-бүлөсүндө ай-күнүнө жетпей 4 эм (3 кыз, 1 уул) жарыкка келген. Жубайлар 3 жылдан бери Бишкек шаарында батирде жашап келишкен.

Белгилүү болгондой, наристелерге Сооронбай, Арууке, Акчолпон, Акбермет деген ысымдар ыйгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM