Биз менен байланышыңыз

«ТС Групп Строй» компаниясы Айсулуу Тыныбековага батир белек кылат

Кыска кабар , Спорт | 21 Сен 2019 | 1378 | 0

«ТС Групп Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси Алмаз Тиленов күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктап, ага Бишкектен элиталык батир убада кылды. Бул тууралуу Алмаз Тиленов Facebook’тагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Үй-бүлөмдүн атынан жана биздин Курулуш компаниянын атынан сизге жаңы салынып аткан «СУЛАЙМАН ТОО» аттуу турак жайдан 1 БӨЛМӨЛҮҮ БАТИР БЕЛЕККЕ берели деп чечтик. Дайым Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп, дайым жеңиштин үстүндө жүрүшүңүздү каалайбыз! Биздин куттуктообузду жана белегибизди кабыл алып коюңуз! Сиз Курманжан Датка, Таттыбүбү Турсунбаева, Бүбүсара Бейшеналиева жана башка кыргыздын эн мыкты айымдардын катарына кирип, өчпөс из калтырдыңыз! Жеңишиңиз кут болсун!», — деп жазды Алмаз Тиленов.

Copyright © 2017 Maral FM