Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан күйүүчү майларды экспорттоого тыюу салынды

Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 846 | 0

Күйүүчү майларды Кыргызстандан сыртка ташууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Мындай чечим өлкөдөгү күйүүчү майга болгон таңкыстыктын алдын алуу максатында кабыл алынганын өкмөттөн билдирди.

Убактылуу чектөө ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ортосундагы ташууларга тиешелүү эмес.

Өкмөт башчынын токтомуна ылайык, жарандардын жеке колдонуусу үчүн унаа багына куюлган жана өзүнчө алынып бараткан 20 литрден көп эмес көлөмдөгү күйүүчү майды алып өтүүгө уруксат берилет.

Мунайзаттарын мыйзамсыз алып өтүүнүн алдын алуу талабы Мамлекеттик бажы кызматына, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына, Чек ара кызматы, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине коюлду.

Аталган токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирди.

Эскерте кетсек, 1-март күнү Лейлек районунда күйүүчү майга болгон баалар өсүп, айрым май куюучу жайлар майдын жетишсиз болуп жатканын айтышкан. Мунай ташуучулар ассоциациясы күйүүчү майга болгон баа дагы көтөрүлө турганын эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM