Биз менен байланышыңыз

Камчы Көлбаев эркиндикке чыгарылды

Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 764 | 0

«Мыйзамдагы ууру» делген Камчы Көлбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта КР жараны Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев) баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү айтылат. Тактап айтканда, Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаевди чет жакка чыкпоо тилкатынын негизинде абактан бошотуу чечимин кабыл алган.

Белгилей кетсек, кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев 21-октябрда УКМК тарабынан Бишкек шаарында кармалган. Ал «Уюшкан кылмыштуу топту түзүү» беренеси боюнча айыпталып жаткан болчу. Көлбаев 2-ноябрь күнү ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган.

Учурдагы вице-премьер-министрдин Көлбаев менен түшкөн сүрөтү тарады (фото)

Copyright © 2017 Maral FM