Биз менен байланышыңыз

Учурдагы вице-премьер-министрдин Көлбаев менен түшкөн сүрөтү тарады (фото)

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 2158 | 0
Солдон оңго карай 6-турган Равшан Сабиров. Ортодогу ак кийимчен Камчы Көлбаев

Учурдагы вице-премьер-министр Равшан Сабировдун кримтөбөл Камчы Көлбаев менен чогуу түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр Равшан Сабиров буга чейин №47 түзөтүү колониясында абакта болгон. Ошол эле колонияда кримтөбөл Камчы Көлбаев да кармалган.

Социалдык тармакта жарыяланган сүрөттө чогуу түшкөндөр футбол ойногонун көрүүгө болот. Айрым маалыматтар боюнча Сабиров жана Көлбаевдин жанында сүрөткө түшкөндөрдүн бир канчасы да крим дүйнөнүн өкүлдөрү экени айтылууда.

Эске салсак, Равшан Сабиров 2012-жылы Социалдык өнүгүү министри болуп турган убакта кылмыш иши козголгон. Ал жардамчысынын көрсөтмөсүнүн негизинде чет өлкөлүк бала асырап алуучу компанияга лицензия берүү үчүн ири суммада акча талап кылган,-деп айыпталган. Ага карата 2013-жылы сот чечими чыгып, беш жылга эркинен ажыратылган. Абак мөөнөтүн №47 түзөтүү колониясында өтөп, 2014-жылы эркиндикке чыккан. Ошол эле абакта 2012-2014-жылдары кримтөбөл Камчы Көлбаев да мөөнөтүн өтөгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM