Базар-Коргон райондук электр тармагынын юристи мыйзамсыз сый акы алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-февралында келип түшкөн маалыматтардын негизинде аталган факты УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренеси («Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу») боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталган. УКМК менен Финполдун биргелешкен аракетинин аркасында Базар-Коргон райондук электр тармагынын юристи «А.Н.К.» талап кылган акча каражатынын бир бөлүгүн алып жаткан учурда кармалды.
Такталгандай, кармалган адам жергиликтүү тургундан электр энергиясын өндүрүштүк керектөөгө пайдаланууга байланыштуу салынган айып пул маселесин оң тарапка чечип берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Кылмышка шектүү акчанын биринчи бөлүгүн буга чейин эле алып койгон.
Учурда бул факт боюнча Финпол тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.