Биз менен байланышыңыз

Жапаров Путин белек кылган кылычты Тарых музейине берди

Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 605 | 0

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинден белекке алган кылычты Тарых музейине өткөрүп берди. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров Орусияга иш сапарынын жүрүшүндө президент Путинге кылыч белек кылып, ага жооп катары Орусия президентинен да белекке кылыч алган. Ал белек Мамлекеттик тарых музейине берилди.

«Кылыч – күчтүүлүктүн, адилеттүүлүктүн жана мыйзамдуулуктун символу. Орто кылымдарда кылычты зоот кийимчен аскерлер алып жүрүшкөн, алар мыйзамдуулуктун сакчылыгында туруп, алсыздарды коргогон жана адилетсиздикке каршы күрөшкөн. Ошондуктан биз белекке кылыч берүү символикалык маани деп эсептейбиз. Андыктан биз мыйзам жолунан чыкпай, адилеттүү болуп, алсыздарды коргошубуз керек», -дейт Базарбаев.

Copyright © 2017 Maral FM