Биз менен байланышыңыз

Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдык мааракеси белгиленди [фото]

Кыска кабар | 28 Фев 2021 | 666 | 0

Кечээ, 27-февралда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул туралуу президенттин расмий сайты жарыялады.

Иш-чаранын алдында Президент Садыр Жапаров Күлүйпа Кондучалованын өмүр жолуна арналган сүрөт көргөзмөсүн көрүп чыкты.

Мамлекет башчысы ошондой эле көркөм сүрөт көргөзмөсү, жаңы жарык көргөн китептер жана театрдын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Малахит залы менен таанышты.

Иш-чарада «Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз искусство чеберлери» аталышындагы даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Андан кийин Президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Анда ал коомдун адеп-ахлагына басым жасоо керектигин айтып, маданият өкүлдөрүнө кайрылды.

— Биз инсанды бала бакчадан тартып, руханий-адеп-ахлак жагынан өнүктүрүп, дене тарбиясын өстүрмөйүнчө, мыкты, билимдүү жана дени сак муун өстүрө албайбыз. Бүгүндөн тарта бул маселеге көңүл бурбасак, эртең кеч болуп калат. Бул демилгени ушул жерде олтурган ар бириңер колдойсуздар деп ишенем жана жапатырмак жардам берүүгө чакырам. Биз азыр ар бир калемгерге, чыгармачыл инсандарга шарт түзүп, камкордукка алып, мыкты чыгармаларды жазууга шарт түзүп бербесек, руханий ачкачылыкты толтура албайбыз, — дейт президент.

Кече өнөрпоздордун концерти менен уланды.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, легендарлуу Маданият министри, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова 1920-жылы жарык дүйнөгө келип, 2013-жылы 93 жаш курагында каза болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM