Биз менен байланышыңыз

Жапаров Өзбекстандын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 823 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-февралда өлкөгө иш сапары менен келген Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды.

Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашышты.

Жапаров кыргыз-өзбек мамилелеринин жогорку деңгээлин жана 2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында мамлекеттердин бири-бирине колдоо көрсөткөнүн белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын өз ара колдоого негизделген жана боордош элдин кызыкчылыктарын канааттандырган достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө бекем ниети бар экендигине өзгөчө токтолду.

Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча жагымдуу шарттарды түзүү үчүн биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билдирип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге саламын жолдоду.

Камилов бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда жакшы база түзүлүп, эки тараптуу алакаларды тереңдетүү үчүн бардык керектүү инструменттер бар экенин белгиледи.

Ал Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде маселелердин бардык чөйрөсү туруктуу талкууланып, сүйлөшүүлөр өз ара ишенимдин негизинде, эки өлкөнүн бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө өзбек тарап Өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин «Борбордук жана Түштүк Азия: Аймактык өз ара байланыш. Кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр» деген аталыштагы жогорку деңгээлде өтө турган эл аралык конференцияга чакыруусун жеткирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM