Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын Тышкы иштер министри Бишкекке келди

Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 588 | 0

Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Бишкекке жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда ал кыргызстандык кесиптеши Руслан Казакбаев менен жолугушуп жатат.

Күн тартибиндеги эң негизги маселе президент Садыр Жапаровдун Ташкентте жакынкы арада боло турган иш сапарын уюштуруу болмокчу.

Ошондой эле тараптар кыргыз-өзбек көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана келечегин талкуулашат.

Аны менен катар регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында мындан ары өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышат.

Copyright © 2017 Maral FM