Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун кадр саясаты боюнча жарлыгын ишке ашыруу чаралары талкууланды

Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 884 | 0

Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев өлкө башчы Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Президенттин расмий сайты жазгандай, кеңешмеде прокуратура органдарына жана айрым укук коргоо органдарына кадрларды тандоо процессин өркүндөтүү маселелери боюнча тапшырмалар берилди.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги коррупцияны жоюу жана каралып жаткан түзүмдөргө жана кадрлар резервине кабыл алуу үчүн жүрүп жаткан сынактык тандоонун бюрократиялык жана башка административдик жол-жоболорун азайтуу боюнча сунуштары талкууланды.

Ошондой эле мамлекеттик кадр саясатын мындан ары ишке ашыруу үчүн талапкерлерге талаптарды жогорулатуу менен катар, мамлекеттик кызматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана кадрлардын кесиптик резервин түзүү боюнча мекемелердин өкүлдөрүнүн ой-пикирлери жана сунуштары угулду.

Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Copyright © 2017 Maral FM