Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн 100 күндүк иш планы бекитилди

Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 658 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Өкмөттүн коомдук жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча аткарыла турган иш-чараларынын планын бекитти. Тиешелүү буйрукка Улукбек Марипов кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Иш план Президенттин жарлыктарын жана Өкмөт башчы тарабынан коюлган милдеттерди аткарууга багытталып, ишке ашыруу мөөнөтү ушул жылдын 1-июнуна чейин деп белгиленди.

План боюнча биринчи кезекте төмөнкү багыттарды жөнгө салуу каралды:

-Калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, мында негизги басым электрондук тейлөөнүн санын жана сапатын жогорулатууга жасалат;

-Бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

-Коомдогу актуалдуу маселелер жана токтоосуз чечимдерди талап кылган чараларды, айылдардагы ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун куруу жана калыбына келтирүү жаатындагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу;

— Калкты коронавируска каршы эмдөө, республиканын мектептеринде жана мектепке чейинки мекемелеринде инфекцияга жол бербөө жана анын жайылышынын алдын алуу боюнча профилактикалык чараларды күчтөндүрүү, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды чыгарууга убактылуу тыюу салуу боюнча маселелерди чечүү, айыл чарба товарларынын, тамак-аш азыктарынын тийиштүү корун камсыздоо жана аларга карата бааны туруктуу кармоо аракетин көрүү.

Пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн тиешелүү тараптардын милдети так аныкталган. Аткарылбай калган учурда жоопкерчиликке тартуу каралган.

Copyright © 2017 Maral FM