Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын Тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 390 | 0

Эртең, 27-февралда Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө өзбек-кыргыз мамилелеринин негизги аспектилери, саясий жана дипломатиялык, чек ара, соода-экономикалык, транспорт, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташуунун оң динамикасын өркүндөтүү, аймактар аралык масштабдагы жаңы инфраструктура, транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болот.

Өзбек министри иш сапары менен Ооганстанга барып келди. Ага чейин Түркмөнстан, Казакстан, Тажикстандын президенттери менен жолугушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM