Биз менен байланышыңыз

Армениянын армиясы Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 531 | 0

Армениянын Куралдуу күчтөрү премьер-министр Никол Пашиняндын жана ал жетектеген өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылууда. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Маалымат булагы билдиргендей, бир күн мурун Армениянын президенти Армен Саркисян Пашиняндын сунушу менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары Тиран Хачатрянды кызматтан алган. Буга чейин Хачатрян премьер-министр Никол Пашияндын «Искандер» ракета комлпекси боюнча түшүнүктөрүн сындаганы айтылат. Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери Хачатряндын кызматтан алынышын негизсиз деп сыпаттоодо. Алар Армениянын премьер-министри жана өкмөтү кризистик кырдаалда элге керектүү чечимдерди кабыл ала албагандыгын айтышууда.

Башкы штаб ошондой эле өкмөт башчысына өз элине күч колдонбоосун эскертти.

Армения аскери Өкмөттүн отставкасын талап кылган соң, Пашинян Армениянын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Оник Гаспарянды кызматтан алган.

Пашинян окуяларды төңкөрүш аракети деп атап, өз тарапкерлерин Еревандагы «Республика» аянтына келүүгө чакырды.

Пашиняндын рейтинги былтыр күздө Тоолуу Карабахта Баку менен ок атышпоо келишимине кол коюлгандан кийин төмөндөгөн. Келишимге ылайык, Ереван Келбажар, Лачин жана Агдам райондорунан баш тартууга аргасыз болгон. Андан соң Армениянын борборунда нааразычылык акциялары башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM