Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Орусия айыл чарба өндүрүмүн жеткирүүдө кызматташат

Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 728 | 0

2021-жылдын 24-февралында Садыр Жапаровдун Орусиядагы иш сапарынын алкагында, Кыргызстандын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Орусиянын Айыл чарба министри Дмитрий Патрушев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда чарбалык коопсуздукту камсыздоо максатында, өсүмдүктөрдүн жогорку түшүмдүү үрөндөрүн, анын ичинде буудай, арпа, рапс, жасмык, соя жана башкалардын үрөндөрүн жеткирүү жагдайлары талкуулады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында министрлер «Айыл чарба өндүрүмүнүн жеткирүүдө кызматташуу жөнүндө» Меморандумга кол коюшту.

Меморандумду ишке ашыруу тараптардын мамлекеттеринин жеке товар ташуучулары «Бириккен Дан» компаниясы менен биргеликте жүзөгө ашырылат.

Copyright © 2017 Maral FM