Биз менен байланышыңыз

Караева: Чет элдик студенттерге жатаканаларды көп куруу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Фев 2021 | 760 | 0

Кыргызстан эл аралык университетинин кафедра башчысы Зина Караева «Маралга» берген маегинде чет элдик студенттерди тартуу үчүн жатаканаларды көбүрөөк куруу керектигин билдирди.

Анын айтымында, чет мамлекеттен келген студенттер жатакана маселесинен кыйналышат. Кыргызстанды билим сапаты башка мамлекеттерге пайдалуу болсо, чет жактан келген студенттердин агымы жогорулайт.

Кыргызстанда Индия жана Пакистандан келип, медициналык билим алган студенттер көп. Башка өлкөлөрдөн да студенттердин келүүсүнө шарт түзүлсө, мамлекет, казына үчүн бир топ жардам болмок.

Караевнын баамында, өлкөдөгү медициналык мекемелерди көзөмөлдөө жакшы болуп жатат. Бирок аттестация, аккредитацияларды күчөтүү зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM