Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев жубайынын иштөөсүнө каршы чыккан эркектерди сындады

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 2014 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жубайынын иштөөсүнө каршы чыккан эркектерди сындады.

Мирзиёев Наманган облусуна жасаган иш сапары учурунда ишканалардын бири менен таанышып, анда аялдардын ишке орношуусу тууралуу кеп кылды. Ишкананын ээси менен маектешип жатып, жубайларын иштетпей коюу сыяктуу түшүнүктөрдү жоюу үчүн ар бир ишканада ыңгайлуу шарттар болушу керектигин белгилеген.

«Күйөөсү уруксат бербей койсо», — деп жатасыңар. Наманганда азыр ушундай түшүнүк калыптана баштаптыр, биз муну менен күрөшүүбүз керек. Аялдарыбыздын укуктары да баары менен тең болуп, өздөрүнө ылайыктуу, шарты жакшы жайларда иштей алышы зарыл. Мына сиздей ишкерлер 20-30 аялга жумуш ордун түзүп берсе, мен бул маселелерге ойлонбостон, мамлекеттик иштер менен алек болом», — деп кошумчалаган Өзбекстандын президенти.

Мирзиёев: Мен эч кимге айтпай кирип барган айыл өткөн кылымда калып кеткен

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM