Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев: Мен эч кимге айтпай кирип барган айыл өткөн кылымда калып кеткен

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 15591 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2021-жылга коюлган пландарды ишке ашыруу боюнча өткөн видеожыйында өзүнүн Фергана облусуна жасаган сапарына токтолду.

«Адамдар курулай «ураалардан», кагаздагы кооз сөздөрдөн чарчаган. Мен Ферганадан аябай капа болуп кайттым. Алдын ала маалымдабай барган Шодиёна айылы XX кылымдын 80-жылдарында калып кеткен. Айлана-чөйрө каралбай, көчөлөр таштандыга толуп калган.

Эмне үчүн мэр өзүн кыйнабайт? Эмне үчүн чиновниктер ушул нерселер жөнүндө ойлонушпайт?!

Бизде көзөмөл деген жок. Эмне үчүн Салык комитетинин башчысы Кудбиев жана Ички иштер министри Бобожонов аймактарга түшүп иштешпейт? Эмне үчүн Кудайбергеновго (президенттин кеңешчиси) окшоп, жыйынтыкты кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө көрсөтпөйсүңөр?» — деди президент.

Мамлекет башчысы Ташкент облусунун губернатору менен Дене тарбия жана спорт министринин кызматтан алынышы анын башталышы гана экендигин дагы бир жолу кайталады. Ошондой эле министрлер жакын арада жаңы системанын негизинде иштей турганын билдирди.

«Министрлер дүйшөмбүдө премьер-министрге отчет берип, жаңы иш планын түзүп, облустарга барышат. Алар Ташкентте ишемби жана жекшемби күндөрү гана болот. Дүйшөмбү күнү да аймактарга барышат. Аптанын ортосунда борбор калаада кайсы бир министрди көрсөм, кызматтан кетирем. Баары болушунча иштеши керек», — деди Шавкат Мирзиёев.

Ошондой эле Мирзиёев мындан ары эми өлкө аймактарына алдын ала маалымдабай туруп барарын айтты.

Кошумчалай кетсек, 4-5-февраль күндөрү президент Шавкат Мирзиёев Фергана облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ферганадагы Шодиёна махалласына пландаштырылбаган сапар менен барган.

Марипов: Акимдерди айтпай барып текшерем, даяр болгула (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM