Биз менен байланышыңыз

21-февралда көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 20 Фев 2021 | 805 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 21-февралда түнкүсүн жана күндүзү жаан жана кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…+5,

Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5,

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+6, күндүз +5…+10,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6,

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2,

Бишкекте жаан жаап, каар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +3…+5.

Copyright © 2017 Maral FM