Биз менен байланышыңыз

Казакстанда үй өрттөнүп, бир үй-бүлөдөн 5 бала каза болду

Кыска кабар | 20 Фев 2021 | 565 | 0

Казакстандын Жамбыл облусунда бир үй-бүлөдөгү 5 баласы өрттөн улам каза болду. Бул тууралуу казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.

Окуя кечээ, 19-февралда саат 15:15 чамасында 5 кабаттуу үйдө болгон. Өрт чыккан учурда балдардын ата-энеси үйдө жок болгон. 

Маалыматтарга ылайык, балдар көмүр кычкыл газына ууланып, ооруканага жеткирилген. Бирок бир канча убакыт өткөндөн кийин аларды сактап калууга мүмкүн болбой калган. 

Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. 

«Жабыркаган үй-бүлөгө керектүү психологиялык жана материалдык жардам көрсөтүлүүдө. Маселе менин жеке көзөмөлүмдө. Каза болгон балдардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам жана колдоо сөздөрүмдү билдирем», — деди Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев.

Белгилей кетсек, 2019-жылы февраль айында Нур-Султан шаарында да өрттүн кесепетинен 2006-2008-2013-2015-2018-жылы туулган кыздар каза болгон. 

Copyright © 2017 Maral FM