Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы: Жол кирени көтөрүү боюнча жаңы долбоор даярдалды

Кыска кабар | 20 Фев 2021 | 510 | 0

Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспорт жаатындагы токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы токтом долбоору боюнча автобус жана троллейбустардын жол киресин 11 сомго, жүргүнчүлөрдү ташыган жеке менчик компаниялардын кичи автобустарындагы жол кирени 15 сомго көтөрүү сунушталууда.

Маалыматта айтылгандай, 2012-жылдан баштап 2020-жылга чейинки аралыкта калктын кирешеси көбөйгөнүнө карабай жол кире ошол бойдон калып келген.

Бишкек шаардык кеңешинин долбоорунда жол кире жарандарга сапаттуу коомдук транспорт кызматын көрсөтүүнү, жагымдуулугун жогорулатып, жарандарды жеке унаалардан коомдук транспортко өткөрүү, коомдук транспортторду жаңылоо максаттары коюлган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айында маршруттук таксинин айдоочулары жол киренин тарифин 15-20 сомго көтөрүү талабы менен нааразылык акцияга чыгышкан. Айдоочулар иш таштоого чейин барышкан соң мэрия жол кирени көтөрүүнү убада кылган.

Copyright © 2017 Maral FM