Биз менен байланышыңыз

Бүгүн «Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнү» белгиленүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Фев 2021 | 2311 | 0

Жыл сайын 20-февралда дүйнө жүзү «Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттик күнүн» белгилейт. Бул күндү жарыялоо чечими 2007-жылдын 26-ноябрында Башкы Ассамблеянын 57-пленардык отурумунда кабыл алынган. Аталган майрам алгачкы жолу 2009-жылы белгиленген.

Социалдык адилеттүүлүк — бул коомдун бардык мүчөлөрүнө өз жөндөмдөрүн ишке ашырууга, алардын турмуштук муктаждыктарын канааттандырууга жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү туюндурат.

Ошондой эле, Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнү мамлекеттердин экономикаларын жандандырууга, экономикалык өсүшкө жана социалдык прогресске жетишүүгө жардам бере турган чечимдерди кабыл алууга багытталган.

2007-жылы бул маселе боюнча токтом долбоору кыргыз делегациясы тарабынан сунушталган. Аны БУУга мүчө болгон 80ге жакын мамлекет биргелешип жазган. Анда экономикалык өсүү, тынчтык жана коопсуздук, адам укуктарын урматтоо социалдык өнүгүүнүн жана социалдык адилеттүүлүктүн маанилүү шарттары экендиги баса белгиленген.

Белгилей кетсек, 2008-жылдан бери дүйнөдө жумушсуздуктун деңгээли жылына 0,1%га гана төмөндөгөн, ал эми 2000-2007-жылдар аралыгында 0,9% га төмөндөгөн. Кызматкерлердин 60% дан ашыгынын эмгек келишими жок жана эмгек акы алуучулардын 45%нын туруктуу эмгек келишимдери бар, бирок алардын саны жылдан жылга азайып баратат.

Copyright © 2017 Maral FM