Биз менен байланышыңыз

«Марал» радиосу «Аскердин бир күнү» аталышында иш-чара өткөрүүдө

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 1449 | 0

«Марал» радиосунун маданий-музыкалык бөлүмү 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата «Аскердин бир күнү» аталышында иш-чара өткөрүп жатат.

Анын алкагында, Кант шаарынын Милянфан айылындагы Советтер Союзунун баатыры Мансуз Ванахун атындагы Чек ара заставасында «Марал» радиосунун угармандары аскерлер менен биргеликте эки команда болуп, аскердин бир күнү кандай өтөөрүн көрсөтүп беришет.

Эртең мененки ойгонуудан тарта, тамактануу, машыгуулар көрсөтүлөт, аягында эстрада жылдыздары чакан концерт коет.

Иш-чаранын максаты — күн-түн дебей мекенин, эли-жерин коргогон чек ара кызматкерлерине майрамдык маанай тартуулап, алардын опол тоодой ишин чагылдырып берүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM