Биз менен байланышыңыз

Марипов: Финансы полициясына чоң үмүттөрдү артабыз

Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 438 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Финансы полициясынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Өлкөнүн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча расмий органынын түзүлгөндүгүнө 28 жыл толду.

Мариповдун айтымында, бул мезгил аралыгында экономикада олуттуу өзгөрүүлөр болду. Кызматтын маңызы жана иштөө ыкмалары өзгөрдү, бирок анын негизги милдети – мамлекеттик бюджетти коргоо жана экономикалык кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү милдети өзгөрүүсүз калды.

«Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун жана бизнести коргоо боюнча кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон бирден-бир укук коргоо органынын кызматкерлери катары биздин өлкөбүздүн бакубатчылыгы сиздердин иш-аракеттердин натыйжаларынан көз каранды. Өкмөт Финансы полициясына чоң үмүттөрдү артат. Финансы полициясынын кызматкерлери коюлган милдеттерди, талаптарды  мындан ары да ак ниеттик менен аткарып, элдин жана бизнес коомчулугунун бекем ишенимине ээ болосуздар деп ишенет», — деп айтылат куттуктоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM