Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 19-февралга карата коронавирустан 3 бейтап каза болду

Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 543 | 0

Кыргызстанда 19-февралга карата коронавирустан 3 бейтап көз жумду. Ушуну менен бул оорудан каза тапкандардын саны 1 миң 450 адам болду.

Акыркы бир суткада 83 адамдан коронавирус табылып, жалпы бейтаптардын саны 85 миң 772ге жетти.

Ал эми 58 адам коронавирустан айыгып, сакайгандардын жалпы саны 82 миң 583 киши болду.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 411 бейтап, үй шартында 386 адам дарыланып жатат.

Коронавирус жуктурган медициналык кызматкерлердин саны 4201ге жетти, акыркы суткада коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 140 медкызматкер айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM