Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимов камакка алынды

Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 1662 | 0

Райымбек Матраимов камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Ошондой эле УКМК Райымбек Матраимовго карата сотко чейин өндүрүш уланып жатканын, бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка айтылып турарын маалымдашты.

Матраимов УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Эми ага карата тергөө бүткүчөктү, 48 сааттын ичинде сот баш коргоо чарасын карайт.

Copyright © 2017 Maral FM