Биз менен байланышыңыз

Быйыл чек аранын 150 чакырымына зым тартуу пландалууда

Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 420 | 0

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Баткен облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүүдө. Ал чек ара маселесине байланыштуу суроолорго жооп берип, маселени чечүүнүн айрым жолдорун да айтып өттү.

Анын айтымында, быйыл чек аранын 150 чакырымына зым тартуу пландалууда. Чек ара кызматы күчтөндүрүлүп, мамлекеттик саясат жүргүзүлөт.

«Жылына чек аранын 15 чакырымы гана демаркация болуп турган. Быйылкы жылга карата чек аранын 150 чакырымына зым тартууну пландап жатабыз. Бул 10 эсе көп. Мындай эч бир жылы болгон эмес», — деди Ташиев.

Ташиев чек араны бекемдөө жумуштарынын көпчүлүгү Баткен облусунда жүргүзүлөрүн белгиледи.

Ташиев: Кээ бир жерлерди алуу үчүн, айрым участоктор кошуналарга берилиши мүмкүн

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM