Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Кээ бир жерлерди алуу үчүн, айрым участоктор кошуналарга берилиши мүмкүн

Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 1073 | 0

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Баткен облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүүдө. Ал чек ара маселесине байланыштуу суроолорго жооп берип, маселени чечүүнүн айрым жолдорун да айтып өттү.

Ташиевдин айтымында, «Жер сатылып кетти», — делген маалымат чындыкка дал келбейт. Ал жергиликтүү калкты чагымга алдырбоого чакырып, бар күчүн чек араны улуттун кызыкчылыгы үчүн чечүүгө аракет кыларын айтты. Ошондой эле айрым жерлерди алуу үчүн, айрым участоктор кошуналарга берилиши мүмкүндүгүн да эскертти.

«Ооба, эгер кандайдыр бир жерлерди биз аларга бере турган болсок, сиздер бул чечимге макул болушуңуздар керек. Мунун үстүндө комиссия иштейт жана биз сиздерге эмне үчүн жерди бергенибизди ачык айтып турабыз. Бизди чек араны чечүүнү тездеткиле деп жакадан албай туруңуздар, мүмкүн болушунча бат чечкенге аракет кылабыз», — деп билдирген Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле ал Баткендеги чек ара маселеси курч болгондуктан, генерал Суваналиевди жетекчи кылып дайындашканын да кошумчалап өткөн.

Белгилей кетсек, Баткендеги кыргыз-тажик жана Ала-Букадагы кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалдан улам Бишкекте эки күн катары менен митинг өткөн. Анда чек ара маселесине кайдыгер карабаган жарандар президент Садыр Жапаров менен жолугуу талабын коюшкан.

Баткенге өзгөчө макам берүү менен эмне өзгөрөт?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM