Биз менен байланышыңыз

Новиков балдардын оорусу боюнча кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 671 | 0

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков балдардын оорусу боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Артем Новиков балдардагы пневмония, ОРВИ жана кавасаки синдрому менен ооруган учурдагы кырдаал коомчулукту абдан тынчсыздандырып жатканын белгиледи. Ал 14 жашка чейинки балдарды медициналык көзөмөлдөө боюнча иш-чаралардын планы жоктугу үчүн тиешелүү органдардын ишин сынга алды.

«14 жашка чейинки балдар үчүн бирдиктүү медициналык маалымат базасын түзүү, ОРВИ, пневмония менен ооругандардын күнүмдүк эсебин жүргүзүү керек. Бардык билим берүү мекемелери, менчигинин түрүнө карабастан, ар бир бала жөнүндө такай маалымат берип турушу керек. Учурда мектепке чейинки жана мектеп мекемелери чектелген форматта иштеп жатышат. COVID-19 пандемиясынын учурундагы салттуу билим берүү процессинин балдардын ден соолугуна тийгизген таасирин анализдебей туруп, анын толук калыбына келиши жөнүндө сөз кыла албайбыз», — деди Артем Новиков.

Новиков Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы жана Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте Бишкек шаарындагы мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде офлайн режимде окуп жаткан балдарды медициналык кароодон өткөрүү керектигин айтты. Мындан тышкары 14 жашка чейинки балдардын ОРВИ жана пневмония менен күнүмдүк оорусун эске алып, аларды медициналык көзөмөлдөө боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Мамлекеттик жана жеке медициналык уюмдарда сасык тумоого каршы вакцина менен балдарды ыктыярдуу эмдөө үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча көрсөтмөлөр берилди. Ошол эле учурда коронавирустук инфекциянын алдын алуу боюнча калк арасында маалымат иштерин жүргүзүү зарылдыгын жана COVID-19дун белгилери пайда болгондо медициналык кызматкерлер менен өз убагында байланышууга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кавасаки синдромунан 2 бала дарыланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM