Биз менен байланышыңыз

«Жайыттар тууралуу маалыматтык база түзүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Фев 2021 | 441 | 0

Өлкөдөгү жайыттардын абалын так айтуу — татаал. Анткени жайыттар боюнча жаңы маалыматтар аз. Бул тууралуу Ак-Терек коомдук фондунун башчысы, эколог, БУУнун жерди туура пайдалануу жана калыбына келтирүү программасынын стипендиаты Назгүл Эсен «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жайыттар тууралуу акыркы изилдөөлөр 2010-жылы жүргүзүлгөн.

Жайыттар боюнча маселелерди комплекстүү түрдө чечүү зарыл. Биринчиден, жайытты жердин өзгөчөлүгүнө жараша пайдалануу үчүн план түзүлүшү кажет. Башка өлкөлөр жайыттарды өскөн чөптөрдүн өзгөчөлүгүнө жараша колдонот.

Жайыттарды сактап калууда түрдүү ыкмалар бар, алардын Кыргызстанга ылайыктуусун колдонуу керек. Мындан сырткары жайыттар тууралуу электрондук маалымат базасын түзүү зарыл. Ал базага бардык жайыт колдонуучулар кире алгандай болушу кажет.

Ошондой эле тийиштүү мыйзамдарды да карап чыгуу зарыл.

Салттуу билим менен илимди айкалыштырып маселе чечилсе, пайдасы көп болот. Адамдардын аң-сезимин да өзгөртүү абзел.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM