Биз менен байланышыңыз

2018-жылы жайыт акысы 24 миллион сомго көп жыйналды

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 461 | 0

2018-жылы жайыт акысы боюнча төлөнгөн салык 2017-жылга салыштырмалуу 24 млн. сомго көбүрөөк түштү, тактап айтканда, 152 млн. сомду түздү. Бул туралуу Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти билдирди.

Чогултулган каражаттын басымдуу бөлүгү жайыттардын инфраструктурасын жана абалын жакшыртууга жумшалат.

Жайыттардын жакшыртуусу 2009-жылы «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын ишке кириши жана реформанын  өтүшү менен белгиленет.

Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору Урматбек Мырзакматовдун айтымында, жайыттар кыргыз элинин баа жеткис байлыгы болгондуктан, рационалдуу колдонуу ар бир жайыт комитетинин башкы максатына айланыш керек.

«Бир гана жайыт комитеттери эмес ар бир жайыт пайдалануучу жайытка аяр мамиле кылуу менен өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна салым кошот», — деди Урматбек Мырзакматов.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM