Биз менен байланышыңыз

Марипов: Баткен облусуна өзгөчө статус берүү каралууда

Кыска кабар | 16 Фев 2021 | 1261 | 0

Баткен облусуна өзгөчө статус берүү каралууда. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Фейсбуктагы баракчасында түз эфир учурунда билдирди.

Марипов Баткенде чек ара маселеси абдан оор экендигин белгиледи.

«Өкмөт болгон күч-аракетин жумшайт. Чек арада жашаган биздин жарандарыбыздын ар бирин баатыр деп эсептейм. Ошондуктан биз жарандарыбызга жардам берүү, инфраструктура жана башка маселелерди карап жатабыз. Баткен облусуна өзгөчө статус берүү жагы каралып жатат. Жаңы дайындалган Өмүрбек Суваналиев да бир топ сунуштарын даярдоодо. Ал боюнча пикир алмаштык. Жакын арада бул маселелерди чече баштайбыз», — дейт премьер-министр.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-февралда Өмүрбек Суваналиев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM