Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү мартта улантат

Кыска кабар | 16 Фев 2021 | 851 | 0

Кыргызстан Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү март айында улантат. Бул тууралуу Өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Тажикстан менен чек аранын 60 пайызы боюнча макулдашуу бар.

Учурда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев дарыланууда. Ал келгенден кийин сүйлөшүүлөр башталат.

Белгилей кетсек, өткөн жумада кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларында келишпестиктер орун алды.

Copyright © 2017 Maral FM