Экономика жана финансы министринин орун басары болуп Данияр Иманалиев дайындалды. Бул маалымат министрликтин сайтына жарыяланды.
Иманалиев буга чейин Президенттин аппаратынын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап, ушул жылдын 8-февралында иштен алынган болчу.