Биз менен байланышыңыз

15-февраль: Өлкөдөгү кадрдык жүрүштөр (тизме)

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 8444 | 0

Бүгүн өлкөдө бир катар кадрдык дайындоолор орун алды. Тактап айтканда, Баткен облусунун башчысы, анын орун басары жана Ички иштер министрлигинин курамында да ротациялар жүрдү. Ошондой эле Финансылык чалгындоо кызматына жаңы жетекчи жана өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары, өкмөт башчынын жаңы кеңешчиси да дайындалды:

-Генерал Өмүрбек Суваналиев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

-Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов берген арызына ылайык, ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Аталган кызматка Маруфхан Тулаев дайындалды.

Орозов Акылбек Курбанбекович Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

-Жаныбек Жалалов Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

-Профессор Каныбек Осмоналиев өкмөт башчы Улукбек Мариповдун буйругу менен премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды.

-Премьер-министрдин дагы бир буйругу менен Канатбек Тургунбеков Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болду. Ал эми мурдагы башчы Гуламжан Анарбаев салтанаттуу түрдө узатылды.

Ал эми Ички иштер министрлигинде дээрлик бардык облустардын жетекчилери алмашты.

  • Нарын ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги Аалиев Улан Карыбекович ээлеген ордунан төмөндөтүү менен бошотулуп, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин башчысы кызматына дайындалды;
  • Бишкек ШИИББнин башчысы, милициянын полковниги Жумагазиев Канат Сагынович Ысык Көл облустук милициясын чыңдоо максатында Ысык Көл ОИИБнин башчысы кызматына дайындалды;
  • Талас ОИИБнин башчысынын милдетин ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын улук ыйгарым укуктуу кызматкери Асанов Марлис Сурапбекович аткарат;
  • ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы, милициянын полковниги Матмусаев Бакыт Аманович Бишкек ШИИББнин башчысы кызматына дайындалды;
  • Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин башчысы, милициянын полковниги Султанов Уланбек Алымбаевич ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы болуп дайындалды;
  • Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука РИИБнин башчысы, милициянын полковниги Ормонов Замирбек Токтоназарович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Токтогул РИИБнин башчысы кызматына дайындалды;
  • Токтогул РИИБнин башчысы, милициянын полковниги Сулайманов Райымбек Атаханович Ала-Бука РИИБнин башчысы кызматына дайындалды;
  • ИИМдин жетекчилик курамына дайындоолор боюнча өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы менен милициянын полковниги Абитов Жеңишбек Эсеналиевич Ош ОИИБнин башчысы кызматына;
  • Милициянын полковниги Өскөнбаев Конокбай Жумашевич ИИМдин ички иликтөөлөр кызматынын башчысы кызматына;
  • Милициянын подполковниги Бурканов Нурланбек Орозматович Баткен шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы кызматына;
  • Милициянын подполковниги Мырзамамытов Айылчы Асанович Жалал-Абад облусунун Аксы РИИБнин башчысы кызматына дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM