Биз менен байланышыңыз

Аргентинада 3 күндүк аза күтүү жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 506 | 0

Аргентинанын мурунку президенти Карлос Менем 90 жашында оорудан улам көз жумду. Учурдагы президент Альберто Фернандес Менемдин өлүмүнө байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

«Ал демократиянын жолун тандап алган, ал Ла-Риоха провинциясынын губернатору, президенти жана сенатору болгон. Ал диктатура учурунда куугунтукталып, түрмөгө камалган», — деп жазган Фернандес Твиттерге.

Менем саясатка студенттик жылдарынан тарта аралашкан. Ал Аргентинаны 1989-1999-жылдары башкарган. 2005-жылдан бери Аргентина Сенатына Ла-Риоха провинциясынан туруктуу шайланып келген.

Менем президент кезиндеги аракеттери үчүн бир нече жолу соттолгон. 2013-жылы ал ок атуучу куралды мыйзамсыз өткөрүп берүүгө катышкандыгы үчүн 7 жылга, 2015-жылы мамлекеттик каражатты максатсыз пайдалангандыгы үчүн 4,5 жылга, 2019-жылы мамлекеттик мүлктү сатуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган .

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM