Биз менен байланышыңыз

Бишкек жана Ош шаарларында китеп белекке берүнүн эл аралык күнү белгиленди

Кыска кабар | 14 Фев 2021 | 634 | 0

Бүгүн, 14-февралда Ош жана Бишкек шаарларында китеп белек берүүнүн эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу уюштуруучу Асель Абыкеева «Маралга» билдирди.

«Book Giving Day» иш-чарасынын максаты элге китепти белекке берүүнүн баалуу экендигин жайылтуу, балдарды жаш кезинен китепке болгон сүйүүсүн өстүрүү болуп саналат. Уюштуруучулардын айтымында, мындай саамалык былтыр да өткөрүлгөн.

Саамалыктын шарттарына ылайык, катышуучулар бири-бири менен кызыктуу китептерди алмашышып, ага күбө болгон көзү азиз балдарга белекке китеп тартуулашты. Анын жүрүшүндө, уюштуруучулар тарабынан чекиттүү брайль менен китеп чыгаруу үчүн атайын кагаз сатып алууга каражат чогултулду.

Ошондой эле, саамалык китеп мукабасын кооздоо, тез окуу боюнча чеберчилик окутуулар менен коштолду.

Бишкектеги иш-чара Москва мамлекеттик университетинин илимий билим берүүчү мектеп-комплексинде, ал эми Ош шаарындагы саамалык «ОлолоХауста» өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM