Биз менен байланышыңыз

АКШ: Трампка жарыяланган экинчи импичмент да ишке ашкан жок

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2021 | 507 | 0

Трампка жарыяланган экинчи импичмент да ишке ашпай, акталып чыкты. АКШ Конгрессинин Сенаттар палатасы карап жаткан Дональд Трампка жарыяланган импичментти кабыл алуу боюнча 5 күндүк процесс кечээ, 13-январда жыйынтыкталды. Анда 57 сенатор декларацияны кабыл алууга макулдугун берсе, ал эми 43 сенатор Трампты актаган добуш берди.

Белгилей кетсек, 6-январда АКШда Трамптын тарапташтары козголоң чыгарып, Капитолийди басып алышкан. Буга Өкүлдөр палатасы Дональд Трампты күнөөлүү деп таап, 13-январда «Дональд Трампка импичмент жарыялоо жөнүндө» декларация кабыл алып, аны кароо жана бекитүү үчүн 23-январда Сенаттар палатасына жөнөткөн.

Сенаттар палатасы декларацияны 9-февралдан тарта карап баштаган. Алгачкы күндө анын Башмыйзамга туура келер, келбеси боюнча маселе каралып, 56 макул, 44 каршы добуш менен мыйзамдуу деп табылган. Андан соң 10-11-январда прокурорлук милдетти аткарган демократ-сенаторлордун айыптоолору, ал эми 12-13-январда адвокаттык милдетти аткарган республикачы-сенаторлордун жактоолору угулуп, соңунда жалпы добуш берүүгө коюлду. Жыйынтыгында, жетиштүү добуш топтой албай калганы үчүн декларация кабыл алынбай калды.

АКШ Башмыйзамына ылайык, сенаторлордун 67ден кем эмес макул добушун алган учурда гана декларация өттү деп эсептелмек. Буга чейин АКШ президенти Жо Байден да Трампка жарыяланган импичмент ишке ашарынан күмөн санап турганын маалымдаган болчу. Анткен менен Дональд Трамп АКШ тарыхында эки жолу импичмент жарыяланган президент катары калды. Ага 2019-жылы да импичмент жарыяланган.

Жо Байден: Трампка жарыяланган импичмент ишке ашпайт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM