Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү эң таасирдүү өлкөлөрдүн рейтинги жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2021 | 606 | 0

Америкалык The CEOWORLD бизнес-журналы 2021-жылдагы дүйнө боюнча эң таасирдүү делген өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады.

Мамлекеттердин рейтингин аныктоодо 11 критерий колдонулган. Алар: аскер күчү, эл аралык союздар, өлкө жетекчилигине болгон сый-урмат, эл аралык соода жана саякат, экономикалык кубаттуулук, маданият, дипломатиялык таасир, глобалдык диаспора, медиа таасири, жардамга муктаж өлкөлөргө жардам берүү жана башка өлкөлөр менен болгон байланыш. Рейтинг 280 миңден ашуун респонденттер катышкан сурамжылоонун негизинде түзүлгөн.

Сурамжылоонун негизинде тизмеге 57 мамлекет кирген. Изилдөөнүн авторлорунун айтымында, дүйнөдөгү эң таасирдүү 10 мамлекеттин катарына: АКШ, Кытай, Орусия, Германия, Франция, Улуу Британия, Япония, Индия, Италия жана Израиль кирет.

Тизменин акыркы саптарында Румыния (55), Пакистан (56) жана Словакия (57) бар.

Махбуба Сайпилаева

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM