Биз менен байланышыңыз

Табигый, таза мөмө жемиштердин мээге тийгизген пайдасы далилденди

Кыска кабар | 13 Фев 2021 | 1105 | 0

Окумуштуулар алманын мээге тийгизген пайдасын далилдешти.

Жаңы изилдөөгө ылайык, алмадан жана башка жемиштерден табигый жол менен табылган фитонутриенттүү кошулмалар мээнин жаңы клеткаларынын өндүрүлүшүн стимулдаштырат. Илимпоздордун айтымында, алма — эс тутум жана таанып-билүү функциясын жакшыртууга жардам берет. Макала Stem Cell Reports журналына жарыяланган.

Ошондой эле, иликтөөлөрдүн натыйжасында, кызыл жүзүмдөгү резвератрол жана көк чайдагы эпигаллокатехин-3 галлат (EGCG) сыяктуу фитонутриенттер адам организмине, анын ичинде мээге да оң таасирин тийгизери да маалым болгон.

Австралиялык Квинсленд университетинин окумуштуулары Дрездендеги Германиянын Нейродегенеративдик оорулар борборунун илимпоздору менен бирге — айрым фитонутриенттердин концентрациясынын жогорулашы нейрогенезди  башкача айтканда мээде жаңы нейрондорду пайда болуусун стимулдаштырарын аныктаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM