Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги борбордук сотту тоногон жаран Оштон кармалды

Кыска кабар | 13 Фев 2021 | 642 | 0

Милиция кызматкерлери соттун имаратындагы уурулукка шектүүнү кармады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, 10-февралда шаардык соттун өкүлү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБне билдирүү жасап, анда 10-февралга караган түнү мыйзамсыз жүргөн белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Алар Бишкек шаардык сотунун имаратына кирип, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү кабаттарда жайгашкан соттордун кеңселеринин кире бериш эшиктерин ачышкан. Бирок бардык иштер ордунда экенин, жарандык, жазык же административдик иштер жоголгону жөнүндө маалымат жок экенин билдирген.

Бул факт Биринчи Май райондук ИИБда катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (Уурулук) боюнча сотко чейинки өндүрүшү башталган. Учурда келтирилген чыгым такталууда.

Белгиленгендей, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Биринчи май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тоноо фактысына шектүүнү аныкташкан. Ал жаран К.Х. 1991-жылы туулган. Кармоо Ош шаарында жүргүзүлүп, кармалган соң жаран Бишкектеги убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция ал жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга да тиешеси бары-жогу такталып жаткандыгын билдирди.

Махбуба Сайпилаева

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM