Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасы боюнча келишим ратификацияланды

Кыска кабар | 13 Фев 2021 | 991 | 0

Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Бишкек Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле кыргызстандык жарандардын Түркияда медицина жаатында жана медициналык адистиктер боюнча билим алуу жөнүндө келишим ратификацияланды. Буга 2021-жылдын 10-февралында Түркия парламенти кол койду.

Эми Түркия президенти келишимди ратификациялоо жана ушул күчүнө кириши жөнүндө мыйзамга кол койгондон кийин, оорукана андан ары толук кандуу иштеши үчүн керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылат.

Келишимге ылайык, түрк тарап жыл сайын 20 кыргыз дарыгери үчүн Түркияда окууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле Кыргызстандагы медициналык билим берүү жана медициналык адистиктер боюнча окутууга багытталган окуу программасын иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт.

Copyright © 2017 Maral FM