Биз менен байланышыңыз

Жакшы жашоонун сырлары

Блог | 12 Фев 2021 | 4114 | 0

Жакшы жашаңыз!

Сиз күндө эртең менен бүгүн кандай адам боло турганыңызды тандайсыз. Кандай кааласаңыз, ошондой болосуз. Анткени ойлоруңуз сөздөрүңүзгө, сөздөрүңүз мүнөзүңүзгө, мүнөзүңүз тагдырыңызга залакасын тийгизет. Жакшы ойлоп, кайталангыс адам болуп, жакшы жашаңыз!

Чечкиндүү болуңуз!

Тобокелге барууга эрки жетпеген адам жашоосунда эч нерсеге жетише албайт. Андыктан чечкиндүү болгула, жаңылуудан коркпогула. Булардын бардыгы сизди жандуу адам кылат.

Өзүңүз менен сыймыктаныңыз!

Айырмаланып туруу абдан сонун! Эгер сизге башкачасың деп айтышса, башыңызды өйдө көтөрүп, өзүңүз менен сыймыктаныңыз.

Өзүңүз үчүн жашаңыз!

Унутпаңыз, сиз бул дүйнөдө бир эле жолу жашайсыз. Сиз менен эч кимдин иши жок, өзүңүздү ойлоңуз. Башкалар үчүн эле эмес, өзүңүз үчүн да жашаңыз.

Убактыңыз чектелген!

Сиздин эң чоң катаңыз: «Дагы деле убактым бар», — деп жүрө бергениңиз. Сиздин убактыңыз чектелген. Андыктан башка бирөөнүн жашоосу менен жашап, аны туш келди корото бербеңиз.

Аракет, аракет жана аракет!

Башкалар уктап жатканда — окуңуз; башкалар бош жүргөндө — иштеңиз; башкалар ойноп жатканда — даярданыңыз; башкалар жөн эле кааласа — сиз кыялданыңыз.

Ката кетирүүдөн коркпоңуз!

Жашоодо эч нерсе жасабай отургандан көрө, жаңылсак да, жасаган дурус. Бир кадам артка баспай, алдыга карай жыла албайсыз. Бир нерсени түшүнүү үчүн да, кээде алдыга бир кадам жасап көрүү керек. Катачылык кетирүүдөн эч качан коркпоңуз!

Көп жылмайыңыз!

Көп жылмайыңыз жана күлүңүз. Күнүгө эң аз дегенде үч адамга жылмайыңыз жана бул нерсе менен башкаларга бакыт тартуулаңыз. Жакшылыктын баары жылмаюудан башталат.

Бактылуу болуңуз!

Өзүңүздү бактылуу адамдай алып жүрүңүз, ошондо чындап эле бактылуу болосуз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM