Биз менен байланышыңыз

Сот экс-муфтийди үй камагына чыгарды

Кыска кабар | 12 Фев 2021 | 1790 | 0

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасы каралды.

Соттун чечимине ылайык, Максатбек ажы Токтомушев тергөө иштери аяктаганга чейин үй камагында болот. Бул тууралуу анын адвокаты Акин Токталиев айтты.

Белгилей кетсек, 10-февралда экс-муфтий УКМК кызматкерлери тарабынан каржылык маселелер боюнча айыпталып кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM