Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн районундагы турак үйдөн газ жарылып, бир өспүрүм каза тапты

Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 811 | 0

Аламүдүн районундагы ГЭС-2 айылында турак үй жарылып, 14 жашар өспүрүм каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 11-февралда Гагарин көчөсүндө жайгашкан №68 турак үйдөгү газ жарылганы боюнча маалымат ӨКМге саат 15:00 чамасында келип түшкөн. Кырсыктын алдын алуу иштерине министрликтин Бишкек шаардык башкармалыгынан 5 куткаруучу, 1 штаб жана Газ кызматынан 1 бригада тартылган.

Кырсыктын кесепетинен бир өспүрүм каза таап, дагы бир адам жабыркаган.

Каза болгон өспүрүмдүн сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди. Ал эми жабыркаган адам ооруканага жөнөтүлдү. Анын абалы жакшы экени кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM