Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкерлери камалды

Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 752 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба, турак жай мамлекеттик агенттигиндеги коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызмат адамдары социалдык объектилерди курууда компаниялар менен мыйзамсыз келишим түзгөн.

«Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба, турак-жай мамлекеттик агенттигине караштуу Турак-жай жана жарандык курулуш департаментинин кызмат адамдары жеке курулуш компанияларына мамлекеттик буюртмаларды аткарууга мыйзамсыз мүмкүнчүлүк түзүп берип, алардан үлүш акча алып турган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө курулуш компаниялардын биринин өкүлү агенттиктин жетекчилик кызматтагы адамдарына 1 миллион 400 миң сом бергени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Мунун негизинде, Турак-жай жана жарандык курулуш департаментинин директору А.А.К. жана департаменттин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу координациялык тобунун директору Э.Р.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM